Кыргызстандык аскер кызматкерлери – Жеңиш парадынын катышуучулары мекенге кайтып келди
11 май

Кыргызстандык аскер кызматкерлери – Жеңиш парадынын катышуучулары мекенге кайтып келди

Бүгүн, 11-майда Москва шаарында болуп өткөн совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80-жылдыгынын урматына арналган аскердик парадга катышкан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингенти кайтып келди.

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн КР КК Улуттук гвардиясынын ардак кароол ротасы татыктуу көрсөттү.

Гвардиячылар жогорку саптык чеберчиликти көрсөтүп, парад командачылыгынын кызмат адамдарынан да, өлкөбүздүн аскердик-саясий жетекчилигинен да оң баа алышты.

Биздин аскердик контингентти КР КК Улуттук гвардиясынын колбашчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов жана аскер кызматчылар  тосуп алышты. 

Ардак кароол ротасынын өздүк курамын совет элинин 1941-1945 – жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин 80 жылдыгына арналган аскердик парадга ийгиликтүү катышкандыгы менен куттуктап жатып, гвардиянын полковниги Т. Эргешев: "Силер өлкөбүздүн Куралдуу Күчтөрүнүн эң мыкты аскер бөлүктөрүнүн бирисинер, бүткүл Кыргызстан силердин жогорку аскердик чеберчилигилерди көрүп биздин Куралдуу Күчтөрүбүздү татыктуу көрсөткөнүңөргө күбө болду...", деп белгиледи.

Митинг аяктагандан кийин өздүк курам туруктуу жайгашкан ордуна сапар алышты.

Ошондой эле кийинчерээк гвардиячылар Беларусь Республикасынын Минск шаарында болуп өткөн совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80-жылдыгынын урматына арналган аскердик парадга катышкан  аскер кызматчыларын да тосуп алышты.