Медиация институтун түзүүгө байланышкан мыйзам долбоору тармактык комитетте каралып, биринчи окууда колдоо тапты
Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында «Медиация жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын медиация чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда колдоо тапты.
Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоору тууралуу маалыматты Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков берди.
Анын максаты жарандык жана жазык иштеринин белгилүү бир категориялары боюнча талаш-тартыштарды милдеттүү сотко чейинки жана соттон тышкаркы тартипте жөнгө салуу механизми катары медиация институтун укуктук системага киргизүү, калктын талаштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууга ишенимин бекемдөө жана социалдык туруктуулукту камсыз кылуу болуп саналат.
Талкуу маалында депутаттар Бакытбек Марипов жана Арсланбек Эгембердиев медиаторлорду тандоо критерийлери, иштөө тартиби жана каржы булагына байланышкан маселелерди тактады. Депутат Айсулуу Мамашова медиация институтун түзүүдө бейтараптуулукту сактоо үчүн гендердик теңчиликке көңүл бурууга чакырды.
