Улуу Британияда сезондук жумушка каттоо бүгүн башталат
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумуштарына migrant.kg сайт аркылуу 2024-жылдын 15-октябрында онлайн каттоо ачыларын маалымдайт.
Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген оператор (Pro Force) аныктаган өтүнмөлөрдүн керектүү саны толгондо каттоо автоматтык түрдө жабылат.
Катталган талапкерлер үчүн аңгемелешүү октябрь айынын ортосунда Бишкек шаарында өтөт.
Ийгиликтүү катталуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспорту жана электрондук почтага кирүү мүмкүндүгү болушу керек.
Талапкерлердин критерийлери: 18 жаштан 45 жашка чейинки курак, орус тилин билүү, ошондой эле ден соолугу чың жана психологиялык абалы канааттандырарлык болушу керек.
Эсиңизде болсун Улуу Британияга жумушка орноштурууга көмөктөшүү толугу менен акысыз жүргүзүлөт!
Улуу Британияда сезондук жумушка орноштурууга акча талап кылган коммерциялык компаниялардын же үчүнчү жактардын курмандыгы болуп калбаңыз!
Талапкерлерге коюлуучу талаптар:
18 жаштан 45 жашка чейин
Орус тилин билүү
Физикалык жана психологиялык абалы канааттандырарлык
Иш шарттары:
Эмгек акы саатына £10,42 болот. Күнүнө жумуш убактысынын саны аба ырайы, түшүмдүүлүк ж.б. факторлорго жараша болот. Иш берүүчү жумасына 32 сааттан кем эмес иштөөгө кепилдик берет. Виза баасы £ 298 болот. Авиабилеттин баасы учурдагы тарифке жана сатып алуу убактысына жараша болот.
