Ош ОИИБ: Араванда жаран “Йакын Инкар” диний агымынан баш тартты
Араван РИИБдин “Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан “Экстремист” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.
Анда кызматкерлер экстремисттик агымдардын ишмердүүлүгүн колдогон жарандарды аныктоо жана алардын аракетине бөгөт коюу боюнча иш алып барышты.
Жүргүзүлгөн ыкчам алдын алуу иш-чаралардын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Йакын Инкар” диний агымынын мүчөсү катары ыкчам каттоодо турган 1984-жылы туулган Х.А. аттуу жаран өз ыктыяры менен бул агымдан баш тартты.
