Араванда шайлоо урнасы уурдалды. Шектүүлөр кармалды
20 октябрь

Араванда шайлоо урнасы уурдалды. Шектүүлөр кармалды

Араванда шайлоо урнасын уурдаган шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты. 

Милициянын билдирүүсүнө караганда, 14-октябрда Араван районунун ички иштер бөлүмүнө чалуу түшкөн.

Анда Маңгыт айылында жайгашкан мектептердин белгисиз адамдар тарабынан бир нече жабдык уурдалгандыгы маалымдалган. Алар:

  • 1 даана компьютер жабдыктары,
  • 2 даана принтер,
  • КР Жогорку Кеңешишинин депутаттарын шайлоо үчүн орнотулган 1 даана электрондук шайлоо урнасын (АСУ аппаратын),
  • 1 даана урнанын үстүндөгү кошумча бюллетень эсептөөчү баштык.

Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

Анын жүрүшүндө коомдук жайларга орнотулган видеөкөзөмөл камераларынын жазуулары каралып чыгып, кылмышка шектүү автоунаа аныкталган.

Ош ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнун жана Араван РИИБдин ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган М.уулу А. жана 2001-жылы туулган Ж.Р. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.