Бишкекте үч автобустун кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү
20 октябрь

Бишкекте үч автобустун кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында 2025-жылдын 30-октябрына чейин суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Жукеев–Пудовкин көчөсүндө транспорт кыймылы убактылуу чектелет.

Мэриядан кабарлашкандай, ушуга байланыштуу №1, №243 жана №226 автобустардын маршруту өзгөртүлдү.

Оңдоо иштери жүрүп жаткан убакта аталган автобустар Сүйөркулов жана Жукеев–Пудовкин көчөлөрү аркылуу каттайт. Иштер аяктагандан кийин автобустар мурдагы каттамдары боюнча жүрө башташат.

Мэри шаар тургундарынан жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландап алууну суранат.