Нарындагы Калмак-Ашуусу апрелдин аягында ачылат
18 апрель

Нарындагы Калмак-Ашуусу апрелдин аягында ачылат

Нарын облусундагы Калмак-Ашуусу апрелдин аягында ачылат, деп кабарлайт Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун 37-42-чакырымдар аралыгында кар көчкү жана кар күрткү тазалоо иштери жүрүүдө.

Жумуштар аймакты караган № 14 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Тазалоо иштерине 1 даана жүктөгүч жана 1 даана манипулятор тартылган.

Бүгүнкү күндө жолдун 37-чакырымында иштер уланып, апрелдин аягында каттамды ачуу аракети көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу Сары-Булак-Соң-Көл жолундагы Калмак-Ашуу ашуусу жыл сайын октябрь айынан апрелге дейре жабык болот.