Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган жаранга он суроо берилет. Ал кандай суроолор?
Президент Садыр Жапаров “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Эми буга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук болгон учурда, айыпталуучу тарапка катаал чаралар көрүлөт.
ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Данияр Сапарбаев билдиргендей, мындан ары үй-бүлөлүк зомбулук катталса жана факты боюнча барган ИИМ кызматкерлери жабырлануучуга 10 суроо беришет. Бул тобокелдиктин даражасын аныктайт.
“Бул суроолор жөнөкөй, ага жооп берүү жана аны берүү жабырлануучуга да, укук коргоо кызматкерине да кыйынчылык жаратпайт. Ошол суроолордун жообунун негизинде тобокелдик даражасы аныкталат. Мисалы, эки тобокелдик даражасы бар:
1. Тобокелдиктин бар болгону.
2. Тобокелдиктин жогорку даражасы.
1ден 3кө чейинки суроого “ооба” деген жооп берилсе, бул тобокелдиктин бардыгын ырастайт. Ал эми 4төн 7ге чейинки суроого “ооба” деген жооп тобокелдиктин жогорку даражасын билдирет”, – деди Сапарбаев.
Айтымында, мисалы, “Акыркы алты айда үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болдуңуз беле?” деген суроого жабырлануучу “Ооба” деп жооп берсе, ошол суроонун тушуна атайын белги калтырылат.
Ал белгилегендей, 1ден 3кө чейин суроонун бирөөсүнө эле жабырлануучу оң жооп берсе, тобокелдик бар деп кабыл алынат. Ошол сыяктуу эле, 4төн 7ге чейинки суроонун бирөөсүнө “ооба” болсо, анда бул тобокелдиктин жогорку даражасы.
Ошондой эле, Сапарбаев физикалык зомбулук жаш балдардын жана майыптыгы бар адамдардын көзүнчө жасалса – бул тобокелдиктин жогорку даражасы болоорун кошумчалады.
