Бишкектин айрым аймактарында 23-октябрда таза суу жок болот
Бишкектин айрым аймактарында 23-октябрда саат 9.00дөн 22:00гө чейин таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Өчүрүү району Анкара көчөсү - ЧЧЧК – Аламүдүн суусу, темир жол тилкеси - менен чектешкен.
«ХБО» суутоптомосунда реконструкцияло иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» МИси жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.
