Чүй облусунда синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу баңгилабораториясы аныкталып, жок кылынды
КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте узак мөөнөттө жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунда синтетикалык бангизаттарды өндүрүүчү лабаратория куруп, иштетип жаткан 1995-жылы туулган С.А.Ч. аттуу жаран кармалган.
Кармалган жарандын ижарага алган үйүнө жана кампасына тинтүү жүргүзүү учурунда синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу баңгилабораториянын керектелүүчү шаймандары, атайын кийимдер, буюмдар, прекурсорлордун түрлөрү жана сатууга дарядалган синтетикалык баңгизаттар табылып, алынды.
Андан ары жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында синтетикалык баңгизаттарды ири өлчөмдө Бишкек шаарынын аймагында закладка коюу менен таратып жүргөн 1999-жылы туулган С.у.Ы. аттуу жаран кармалды.
Бардыгы болуп мыйзамсыз жүгүртүүдөн 31 кг 179 гр синтетикалык баңгизаттар жана 433 кг 936 гр прекурсорлор алынды.
Кармалган жарандар Кылмыш-жаза процецуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемесине киргизилген.
Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
