Бишкектин Свердлов районунда "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды
3 октябрь

Бишкектин Свердлов районунда "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды

Бишкектеги Правда/Фрунзе көчөсүндө жайгашкан №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалында "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Дарыкананын ачылышына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. 

Бул Бишкектеги саламаттыкты сактоо уюмдарынын базасында ачылган 19-мамлекеттик дарыкана, учурда республика боюнча 88 дарыкана иштеп жатат.