Кыргызстандын аскер кызматкерлери Өзбекстандагы ЖККУнун машыгууларына катышууда
20 октябрь

Кыргызстандын аскер кызматкерлери Өзбекстандагы ЖККУнун машыгууларына катышууда

Өзбекстандын Самарканд облусунда “Бирлик-2025” (Бирлик 2025) аймактык биргелешкен аскердик машыгуусу уланууда. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскерлери катышууда.

Үч этап менен өтүп жаткан машыгуулар мамлекеттик чек аралардын коопсуздугун жана коргонуусун чыңдоо, ошондой эле мыйзамсыз куралдуу топторду аныктоо, бөгөт коюу жана зыянсыздандырууга багытталган.

Машыгуулар ошондой эле биргелешкен операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө багытталган.