ЖК депутаты: Тынчтыкты куруу процесстерине аялдардын катышуусу туруктуу натыйжаларга алып келет
Бишкекте 3-октябрда өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдарынын диалогунун жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кодокулова "Региондо тынчтыкты орнотуу жана коопсуздук маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууда аялдардын катышуусун камсыздоо жана гендердик теңчиликти илгерилетүү" деген теманын алкагында баяндама жасады.
Аялдар калктын жарымы гана эмес, бул өзгөрүүлөрдү жасоого жөндөмдүү уникалдуу күч экендигин белгилеген Гуля Кожокулова тынчтыкты куруу процесстерине аялдардын катышуусу туруктуу жана узак мөөнөттүү натыйжаларга алып келерин белгиледи.
“Бул маселеде аялдардын миссиясы-бул адамдардын жашоосун жакшыртууга, алардын укуктарын жана кадыр-баркын коргоого, ошондой эле тынчтыкка жана туруктуу өнүгүүгө жетишүүгө багытталган глобалдык, ошондой эле жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө аялдардын активдүү катышуусу. Байланыш, эмпатия жана кызматташуу көндүмдөрүн колдонуу менен аялдар чыр-чатактын алдын алууда, тынчтыкты курууда жана жаңжалдан кийинки калыбына келтирүүдө маанилүү ролду ойношот”-, деди депутат.
Ошондой эле депутат Гуля Кожокулова белгилегендей, Кыргыз Республикасы акыркы жылдары чечимдерди кабыл алуунун бардык деңгээлинде аялдардын катышуусун камсыз кылуучу улуттук жана укуктук негиздерди киргизүүгө жана өнүктүрүүгө, ошондой эле аларды коомдун саясий жана экономикалык турмушуна активдүү тартууга ырааттуу умтулууда.
“Биз аялдар өз идеяларын эркин айтууга, чечим кабыл алууга жана саясатка таасир этүүгө шарт түзүшүбүз керек. Бул биздин - мамлекеттин, жарандык коомдун жалпы жоопкерчилиги. Ал үчүн эмне кылуу кажет? Аялдардын саясий турмушка катышуусунда бардык тоскоолдуктарды жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүшүбүз керек. Укук коргоо жана сот органдарынын ишине аялдардын активдүү катышуу маселесин кароо зарыл. Аялдардын коомдо өз ордун ээлешине тоскоол болгон стереотиптер менен күрөшүшүбүз маанилүү”,- деди Гуля Кожокулова.