Бишкекте баасы 55 млн. сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды
Бишкек шаарында баасы 55 млн. сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма соз кызматы.
Маалыматта айтылгандай, Ленин райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Бишкек шаарынын А.Сыдыгалиев көчөсүндө жайгашкан 0,23 га жер тилкеси 2011-жылы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде укук күбөлөндүрүүчү документтери жокко чыгарылып, базар баасы 55 493 000 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.
