Бекешев өспүрүмдөргө шайлоо кампанияларында иштөөгө уруксат берүүнү сунуштоодо
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча» мыйзам долбоорун карады.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Дастан Бекешев.
Ал өспүрүмдөргө үгүт иштерине байланышпаган шайлоо кампанияларында иштөөгө уруксат берүүнү сунуштады.
Ошондой эле, мыйзам долбоорунда үгүт иштерине талапкер өзүнүн ар кайсы курактагы фотосүрөттөрүн колдонууга уруксат берүү каралган.
Бекешев маалымдагандай, андан сырткары бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Алар:
18 жашка чыга элек тараптарга үгүт иштерин жүргүзүү, үгүт материалдарын чыгаруу жана жайылтууга тыюу салынат.
16 жаштан 18 жашка чейинки тараптарга ата-энесинин (же мыйзамдуу өкүлүнүн) кат жүзүндөгү макулдугу аркылуу шайлоо кампаниясында иштөөгө уруксат берилет.
Шайлоо алдындагы жолугушууларда жана чогулуштарда 18 жашка чыга элек тараптардын катышуусуна талапкер жоопкерчилик албайт.
Бирок Министрлер Кабинети бул мыйзам долбооруна терс корутунду бергени белгилүү болду.
