МИК: 2026-жылы дээрлик 20 миңге жакын батир пайдаланууга берилет
Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) учурда республика боюнча 75 миңден ашык батирдин курулушу жүрүп жатканын билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, компания 2026-жылы болжол менен 20 миң батирди пайдаланууга берүүнү пландап жатат. Бул көрсөткүч учурдагы курулуш графигине негизделген.
МИК ошондой эле берилүүчү турак жайдын көлөмү курулуш долбоорлорунун темпине жана убактысына түздөн-түз көз каранды экенин баса белгилейт.
Курулуштагы техникалык кечиктирүүлөр көп кездешет, ошондуктан болжолдуу бүткөрүү даталары алардын иш жүзүндө бүткөрүлүшүнө гана негизделет.
