Төрага Нурланбек Тургунбек уулу “Милал жүрөк” коомдук фондунун өкүлдөрүн кабыл алды
3 июнь

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу “Милал жүрөк” коомдук фондунун өкүлдөрүн кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 3-июнда Ли Чжонгже баштаган “Милал жүрөк” коомдук фондунун өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Алсак, аталган кореялык фонд 1987-жылы түптөлүп, дүйнөнүн 25 өлкөсүндө иш алып барат. Тагыраагы, жүрөк кемтиги өңдүү оор илдеттерге чалдыккан балдарга операция жасап, көмөк көрсөтүшөт. Кыргызстанда эле 452 балага операция жасалып, бейтаптарга керектүү каржылык колдоолор берилген. 

Алгач төрага Нурланбек Тургунбек уулу адамдардын, айрыкча жаш наристелердин өмүрүн сактоого себепчи болуп келе жаткан коомдук фонддун жетекчисине жана жамаатына ыраазычылык билдирди.

“Жүрөк илдети менен жабыркаган балдарга операция жасап, алардын толук сакайып кетишине жардам берип келе жатканыңар тууралуу кабарым бар. Бул колдооңор бейтаптардын өмүрүн узартуу менен бирге кыргыз-корей достугун чыңдоого өбөлгө түзүүдө”, – деди ал.

Ошондой эле төрага Корея мамлекети саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп, медициналык туризм аркылуу дүйнөнүн төрт бурчунан келгендерге тейлөө көрсөтүп жатканын айтты.

“Биз үчүн Кореянын тажрыйбасы өтө маанилүү. Андыктан, дарыгерлер арасында тажрыйба алмашуу өнөктүгүн алдыга жылдырып, оор илдеттерге каршы биргелешип күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты калыптандырышыбыз керек”, – деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде “Милал жүрөк” коомдук фондунун президенти Ли Чжонгже жүргүзүп жаткан иштери тууралуу учкай кеп кылып, соңку 15 жылдан бери илдетке чалдыккан кыргызстандык балдарга жардам берип келе жатканын белгиледи.

“Биз операция жасоо менен гана чектелбей, дарыгерлерди, анын ичинен хирургдарды окутууга да басым жасап келебиз. Айрыкча Кореядан медициналык билим алууну каалагандарга стипендия да төлөп беребиз. Биздин максат жүрөк оорусуна кабылган балдарга жардам берүү жана кадрлардын потенциалын жогорулатуу аркылуу Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө салым кошуу”, – деди Ли Чжонгже.

Жолугушууда тараптардын баарлашуусун чеберчилик менен которгон котормочу Чой Минкйангга жогору баасын берген төрага: “Кыргыз менен корей калкы алтай тектүү бир тууган элдердин бири болуп саналат. Андыктан, эки эл бири-биринин тилин өздөштүрүп, маданий байланыштарыбызды чыңдашыбыз керек. Котормочулук чеберчилигиңизди карап олтуруп, сизди башкаларга үлгү катары көрсөтсө болот деген ойго келдим”,– деди.