Ош шаарындагы муниципалдык башкармалыктарга кызматтык унаалар берилди
20 октябрь

Ош шаарындагы муниципалдык башкармалыктарга кызматтык унаалар берилди

Ош шаарындагы муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктардын башчыларына кызматтык унаалар берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ачкычтарды мэр Жеңишбек Токторбаев тапшырып, жетекчилерге мындан ары да жигердүү иштөө зарылдыгын белгиледи.

Бул автоунаалар мэриянын бюджетинин эсебинен алынды.

Эскерте кетсек, Ош шаарында жалпы 6 муниципалдык аймактык башкармалык, 3 айылдык аймактык башкармалык бар.