Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди
15 октябрь

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Сосновка постунда 14-октябрь, саат 21:30дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, чектөө киргизилишине ырайынын кескин начарлашы себеп болгон. 

"Азырка тапта Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетчү жагдай, жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуп, жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда.

Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанына чынжырча алып жүрүүгө чакырат.