Москвада КМШнын маалымат агенттиктеринин жетекчилери жана журналисттери үчүн семинар өттү
20 октябрь

Москвада КМШнын маалымат агенттиктеринин жетекчилери жана журналисттери үчүн семинар өттү

Москва шаарында ТАСС маалымат агенттиги тарабынан уюштурулган КМШ өлкөлөрүнүн маалымат агенттиктеринин жана башка массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен журналисттери үчүн семинар башталды.

Иш-чаранын биринчи күнү жасалма интеллект темасына арналды.

Спикер Ксения Конкина «Заманбап медиатехнологиялар. Маалымат журналистикасындагы жасалма интеллект» деген темада эки бөлүктөн турган мастер-класс өткөрдү.

Сабактын жүрүшүндө катышуучулар жасалма интеллекттин башталышынан тартып бүгүнкү күндөгү нейротармактарга чейинки өнүгүүсү тууралуу кеңири түшүнүк алышты. Өзгөчө көңүл жаңылыктар редакцияларында AI-технологияларын практикалык колдонууга бурулду.

«Жасалма интеллект — медиаматериал түзүү куралы катары» деген мастер-класста журналисттер текст, сүрөт жана видео менен иштөөдө нейротармактарды кантип колдонсо болору конкреттүү мисалдар аркылуу көрсөтүлдү. Бул алардын эмгегин натыйжалуу жана чыгармачыл кылууга жардам берет.

Семинардын алкагында контенттин сапаты жана аныктамасы (верификация) маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду. Бул актуалдуу тема «Күнүмдүк фактчекинг: ыкмалар жана инструменттер» аттуу мастер-класста кеңири талкууланды. Анда реалисттик контентти жараткан технологиялар кеңири жеткиликтүү болуп калган учурда маалыматты кантип текшерүү жана бурмалоого каршы туруу жолдору тууралуу айтылды.

Андан соң семинардын катышуучулары үчүн ТАСС маалымат агенттигинин имараты боюнча экскурсия уюштурулду.

Журналисттерге агенттиктин жүз жылдан ашкан тарыхы, ондогон өлкөлөрдү камтыган уникалдуу кабарчы тармагы жана доорлордун тарыхын чагылдырган атактуу ТАСС фотохроникасы жөнүндө кеңири маалымат берилди.