Дары-дармек, телемедицина жана ЖИ: ТМУ өлкөлөрү саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты чыңдайт
Саламаттык сактоо министрлиги
2 октябрь

Дары-дармек, телемедицина жана ЖИ: ТМУ өлкөлөрү саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты чыңдайт

Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйынга Уюмга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышып, саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги маселелерин талкуулашты.

Жолугушуу Уюмга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо системаларынын алдында турган жалпы көйгөйлөрдү талкуулоо, ошондой эле мындан аркы практикалык өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү багыттарын аныктоо үчүн аянтча болду.

Жыйынга Азербайжан Республикасынын Саламаттык сактоо министри Теймур Юсиф оглу Мусаев, Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова, Түркия Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурулла Окумуш, Өзбекстан Республикасынын саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Отабек Имамов, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев катышты. Кыргыз Республикасынан жыйынга саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов катышып, жыйынга модераторлук кылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар улуттук саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугу үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон актуалдуу маселелерди талкуулашты. Артыкчылыктуу багыттар катары дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу, саламаттык сактоо тармагындагы кадрдык потенциалды өнүктүрүү, ошондой эле медицинада санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти киргизүү белгиленди.

Жыйында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов тажрыйба алмашуудан конкреттүү биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

«Биз үчүн кызматташтыгыбыз маалымат алмашуу менен гана чектелбеши маанилүү. Саламаттык сактоо системаларын чыңдоого жана жарандарыбыз үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзө турган биргелешкен долбоорлорго, кесиптик алмашууларга жана өз ара аракеттенүүнүн практикалык механизмдерине ырааттуу өтүшүбүз зарыл», — деп белгиледи министр.

Дары-дармек каражаттарынын коопсуздугуна жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугуна өзгөчө көңүл бурулду.

Саламаттык сактоо тармагындагы кадрдык ресурстарды өнүктүрүү да маанилүү багыттардын бири болду. Кыргызстан кадрларды узак мөөнөттүү болжолдоо, адистерди даярдоо жана кайра даярдоо, стажировкалардын программаларын кеңейтүү, медициналык кызматкерлерди алмашуу жана биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу багыттарында кызматташтыкты активдештирүүнү сунуштады. Ошондой эле объективдүү маалыматтардын негизинде чечимдерди кабыл алуу үчүн кадрларды пландаштыруу процесстерин санариптештирүүнүн зарылдыгы белгиленди.

Талкуунун дагы бир негизги багыты саламаттык сактоо тармагындагы жасалма интеллект жана санариптик технологиялар болду. Кыргыз Республикасы бейтаптардын коопсуздугу, медициналык маалыматтарды коргоо, технологиялардын клиникалык натыйжалуулугу жана медициналык чечимдерди кабыл алууда дарыгердин жоопкерчилигин сактоо принциптерин эске алуу менен жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү колдонуу боюнча тажрыйба алмашууга жана жалпы ыкмаларды иштеп чыгууга кызыкдар экенин билдирди.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов чек ара аралык медициналык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Тактап айтканда, кыргыз тарап улуттук мыйзамдардын талаптарын жана жеке маалыматтарды коргоо принциптерин сактоо менен чек ара аралык телемедициналык консультацияларды өткөрүүнү жана медициналык маалыматтарды алмашууну өнүктүрүүнү, ошондой эле жарандарды башка өлкөлөргө дарыланууга жөнөтүү жана алар кайтып келгенден кийинки медициналык коштоо механизмдерин системалаштырууну сунуштады.

Мындан тышкары, 2027-жылы электрондук медициналык жолдомолорду жана медициналык көчүрмөлөрдү колдонуу, кабыл алуучу медициналык уюмдар тууралуу маалымат алмашуу жана бейтаптарды медициналык коштоо боюнча пилоттук механизмди иштеп чыгуу сунушталды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйынынын Биргелешкен декларациясы кабыл алынды. Документте ТМУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо жаатындагы негизги макулдашуулары жана мындан аркы кызматташтыгынын багыттары бекитилди.

Документте ТМУнун кызматташтык механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар 2026–2027-жылдарга ТМУнун саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыгы боюнча Иш-аракеттер планын бекитүү, артыкчылыктуу багыттар боюнча координаторлорду аныктоо жана биргелешкен демилгелердин ишке ашырылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жөнүндө макулдашышты.

Биргелешкен декларацияда «TurkEMT» демилгесин мындан ары өнүктүрүү, Түрк фармакопеясынын алкагындагы кызматташтыкты улантуу, медициналык кызматкерлердин кесиптик өнүгүү программаларын ишке ашыруу, адистер, изилдөөчүлөр жана студенттер менен алмашуу, анын ичинде стипендиялык жана кыска мөөнөттүү билим берүү программаларын уюштуруу каралган.

Өзүнчө багыт катары саламаттык сактоо тармагында жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү колдонуу белгиленди. Анын ичинде диагностикада, медициналык визуалдаштырууда, илимий изилдөөлөрдө жана саламаттык сактоо системаларын башкарууда жасалма интеллектти колдонууда ачык-айкындуулук, маалыматтарды коргоо, бейтаптардын коопсуздугу жана этикалык принциптер милдеттүү түрдө эске алынууга тийиштиги белгиленди.

Мындан тышкары, тараптар инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана аларды эрте аныктоо жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо, медициналык туризмди, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жана инновациялык иштеп чыгууларды өнүктүрүү, медициналык лабораториялар, трансплантология жана геномдук технологиялар жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле медициналык инфраструктуранын климаттын өзгөрүшүнө жана өзгөчө кырдаалдарга туруктуулугун камсыз кылуу боюнча тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашышты.

Практикалык чечимдердин бири катары ТМУга мүчө мамлекеттер тарабынан дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды биргелешип сатып алуу механизмин өнүктүрүү белгиленди.

Ошондой эле тараптар 2027–2031-жылдарга ТМУнун Стратегиясын иштеп чыгууда мындан аркы өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашып, 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында саламаттык сактоо жаатындагы тиешелүү максаттарга мөөнөтүнөн мурда жетишүүнү колдошту.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ТМУнун саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынын Түркия Республикасында өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Жыйынды жыйынтыктап жатып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жетишилген макулдашуулар биргелешкен долбоорлор, кесиптик алмашуулар жана ТМУга мүчө мамлекеттердин медициналык уюмдары менен мамлекеттик органдарынын ортосунда түздөн-түз өз ара аракеттенүү түрүндө практикалык уландысын табууга тийиш экенин белгиледи.

«Бүгүн биз дагы бир жолу улуттук саламаттык сактоо системаларынын айырмачылыктарына карабастан, өлкөлөрүбүздүн алдында көп жагынан жалпы милдеттер турганына ынандык. Алардын катарында дары-дармек каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, системаны квалификациялуу медициналык кадрлар менен камсыздоо, саламаттык сактоону санариптик трансформациялоо, заманбап технологияларды коопсуз колдонуу жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу маселелери бар», — деп баса белгиледи министр.