Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы кармалды. Окуянын чоо-жайы
КР ИИМ
2 октябрь

Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы кармалды. Окуянын чоо-жайы

Милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы П.Ж. кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2022-жылдын 29-июлунда П.Ж. кызматтык абалын пайдаланып, Кара-Суу шаарында жайгашкан, аянты 82,75 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин аукцион өткөрбөстөн, түз келишимдин негизинде жеке жакка мыйзамсыз сатып жиберген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө П.Ж.нын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөгө укук берген жогорку билими тууралуу дипломунун жоктугу аныкталган. Ал жасалма документтин негизинде муниципалдык кызматтарды ээлеп, мыйзамсыз түрдө эмгек акы алып келгендиги белгилүү болгон. Натыйжада мамлекетке алдын ала эсеп боюнча 5 млн сомдон ашык өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

2026-жылдын 29-сентябрында П.Ж. козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары кармалды.

Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.