Адылбек Касымалиев Беларустун Минск шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты.
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги отуруму башталаар алдында, саламдашуу жана биргеликте сүрөткө түшүү аземи болуп, андан кийин делегация башчылары жыйынга катышуу үчүн залга өтүштү.
Күн тартибинде ЕАЭБдин алкагында экономикалык интеграцияны мындан ары тереңдетүүгө жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүнө багытталган бир катар маселелер каралды.
Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары — Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты, ал эми Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян онлайн форматта кошулду.
ЕАЭБдин алкагында мамлекеттер ортосундагы кызматташуу маселелерин кенен кароо Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында улантылат.
