Жогорку көрсөткүчтөрү үчүн: Бишкектин шаардык кызматтарынын кызматкерлерине 50 миң сомдук сертификаттар тапшырылды
2026-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарынын мэриясынын алдында жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, өз ишин натыйжалуу аткарып жаткан мэрияга караштуу түзүмдөрдүн кызматкерлерине сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын 10 кызматкерине 50 миң сомдук сертификаттарды тапшырды.
Борбор калаанын мэри аталган эки түзүмдүн натыйжалуу ишин белгилеп, кызматтык милдеттерди жоопкерчилик менен аткаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
«Кызматкерлерди колдоо менен биз алардын жоопкерчилигин, демилгелүүлүгүн жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө умтулабыз», — деп белгиледи мэр.
2026-жылдын 9 айында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан 8,5 миңге жакын объект демонтаждалып, муниципалдык менчиктеги 267 миң чарчы метр жер тилкеси бошотулган. 76,1 млн сом өлчөмүндө 2,1 миң протокол түзүлүп, алардын дээрлик 2 миңи боюнча 56 млн сом өндүрүлгөн.
Ал эми Муниципалдык инспекция тарабынан ушул мезгил аралыгында 787 рейд өткөрүлүп, 42 миңден ашык объект жана чарба жүргүзүүчү субъект текшерилген. Натыйжада 14,5 миңге жакын административдик укук бузуу аныкталып, 118,2 млн сом өлчөмүндө айып пул салынган. Анын ичинен 57 млн сомдон ашыгы өндүрүлгөн. Ошондой эле 1 миңге жакын көрсөтмө берилген.
«Биздин максат — дайыма айып пул салуу же объектилерди демонтаждоо эмес. Негизги милдетибиз — колдонуудагы мыйзамдардын жана Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу. Ошондуктан бардык жооптуу кызматкерлерди шаар тургундары менен иштөөдө сылык болууга жана биринчи кезекте түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырам. Натыйжа болбогон учурда гана мыйзамда каралган чараларды көрүү зарыл», — деп баса белгиледи мэр.
Ошондой эле борбор калаанын мэри жылдын аягына чейин жогорку жыйынтык көрсөтүп жаткан кызматкерлерге ай сайын 50 миң сом өлчөмүндө материалдык сый акы берүү каралганын кошумчалады.
Мындан тышкары, шаардык кызматтардын техникалык базасын чыңдоо иштери улантылууда. Буга чейин Муниципалдык инспекцияга 29 автоунаа, ал эми Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына 14 автоунаа берилген.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев муниципалитет кызматкерлерди колдоо, шаардык кызматтардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча ишти мындан ары да улантарын белгиледи.
