Жолдор ачык, каттам бар. Ашуулардагы абал
видеодон алынган кадр
2 октябрь

Жолдор ачык, каттам бар. Ашуулардагы абал

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашуулардагы абал боюнча маалымат берди. 

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, түн ичинде жол кызматкерлери ашуулардагы жолдорду кардан тазалап, тайгакка каршы инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүштү.

Учурда да жолчулар нөөмөттө болуп, айдоочулардын коопсуз жүрүүсү үчүн тиешелүү иштерди улантууда.

Бүгүнкү күндө ашуулардагы жолдор тазаланып, унаалардын жүрүүсүнө шарт түзүлгөн.

Министрлик алыскы жолго чыгарда унааңыздын техникалык абалын алдын ала текшерип, сөзсүз түрдө кышкы дөңгөлөк менен жолго чыгууну сунуштайт. 

Жолдо ылдамдыкты ашырбай, унаалар ортосундагы аралыкты сактап, өзгөчө ашууларда этият болуу эскертилди.