Дзюдочу Эрлан Шеров Азия оюндарынын күмүш медалын тагынды
Сүрөт ачык булактардан алынды
2 октябрь

Дзюдочу Эрлан Шеров Азия оюндарынын күмүш медалын тагынды

Бүгүн, 2-октябрда, Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында дзюдо боюнча мелдештер өтүүдө.

Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров 90 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, Азия оюндарынын күмүш медалына ээ болду.

Шеров алгачкы беттешинде Шри-Ланканын өкүлү Мишеал Анджало Милан Маркону мөөнөтүнөн мурда иппон ыкмасы менен жеңди.

Чейрек финалда Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлү Гаджимурат Омаровду 1 мүнөт 35 секундда жеңип, жарым финалда Өзбекстандын өкүлү Нурбек Муртозоев менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Финалда Эрлан Шеров Япониянын өкүлү Рику Окада менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңилип, Азия оюндарынын экинчи орунун камсыз кылды.