«Социалдык келишим» боюнча жардамды 300 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
2 октябрь

«Социалдык келишим» боюнча жардамды 300 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталууда

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жакырчылыкты кыскартуу жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча 2030-жылга чейинки программанын долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Программанын алкагында «Социалдык келишимдин» катышуучуларына берилүүчү каржылык колдоонун максималдуу өлчөмүн 300 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталууда.

Документтин авторлору мындай сунушту жабдуулардын, чийки заттын, материалдардын, ижара акысынын жана айыл чарба ресурстарынын кымбатташы менен түшүндүрүшкөн.

Мындан тышкары, жумуш орундарын түзүүгө багытталган социалдык жардам 100 ишкерге берилүүчү өзүнчө пилоттук долбоорду ишке ашыруу пландалууда.

Ошондой эле «Социалдык келишимдин» катышуучуларына түзүлгөн бизнести мындан ары өнүктүрүү үчүн пайызсыз каржылоо берүү сунушталууда.