Финансы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалымат берген эмес
2 октябрь

Финансы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалымат берген эмес

Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улукбек Карыбек уулуна шилтеме берүү менен, Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, ата-энелерден мектептерди оңдоого, техникалык кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө, бор сатып алууга, самын алууга жана тазалыкты камсыздоого болжол менен 2,5 млрд сом чогултулуп жатканы тууралуу маалыматтар таралууда.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги расмий түрдө бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирет. Министрликте ата-энелерден жогоруда аталган максаттар үчүн 2,5 млрд сом өлчөмүндө каражат чогултулганы тууралуу маалымат жок жана мындай маалыматтар Финансы министрлиги тарабынан берилген эмес.

Ошол эле учурда, жалпы билим берүү уюмдарынын ишин камсыз кылууга байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттин алкагында каралып, белгиленген тартипте каржыланарын белгилейбиз.

Мектептерди учурдагы оңдоого, окуу процессин уюштуруу үчүн зарыл болгон чарбалык товарларды жана материалдарды сатып алууга, ошондой эле башка тиешелүү чыгымдарга республикалык бюджеттен каражаттар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин тиешелүү каржы жылына берген өтүнмөлөрүнүн негизинде каралып, каржыланат.

2025-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын керектөөлөрүнө төмөнкү чыгымдар каржыланган:

* 95,5 млн сом - эмеректерди жана компьютердик техникаларды сатып алууга;
* 686,1 млн сом - мугалимдер үчүн ноутбуктарды сатып алууга;
* 1 402,9 млн сом - окуу китептерин сатып алууга.

Мындан тышкары, 2025-жылы Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринен тышкары, жалпы билим берүү уюмдарына учурдагы оңдоо иштерине 377,2 млн сом, ал эми учурдагы чарбалык муктаждыктар үчүн товарларды жана материалдарды сатып алууга 175,1 млн сом каржыланган.

Белгилей кетсек, 2026-жылы Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өтүнмөсүнө ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын керектөөлөрү үчүн төмөнкү каражаттар каралган:

* 117,2 млн сом — эмеректерди жана компьютердик техникаларды сатып алууга;
* 715,0 млн сом — жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн ноутбуктарды сатып алууга;
* 1 344,1 млн сом — окуу китептерин сатып алууга;
* 404,8 млн сом — мектептерди учурдагы оңдоого (Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринен тышкары);
* 205,5 млн сом — окуу процессин уюштуруу үчүн зарыл болгон чарбалык товарларды сатып алууга.

Ошондой эле Финансы министрлиги 2026-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы №121 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги №286 токтомуна ылайык, билим берүү системасындагы уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жакшыртылганын белгилейт.

Атап айтканда, мектептерде бир ставкада иштеген кенже тейлөөчү персоналдын, анын ичинде короочулардын, ашкана кызматкерлеринин жана тазалоочулардын эмгек акысы Президенттин 5 000 сом өлчөмүндөгү компенсациялык төлөмүн эске алуу менен орточо эсеп менен 100 пайызга көбөйгөн.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын мамлекеттик чыгымдар жана бюджеттик каржылоо тууралуу маалыматтарды таратууда расмий маалыматтарды пайдаланууга жана таратылып жаткан маалыматтардын аныктыгын текшерүүгө чакырат.