Баткенде кекиликтерди мыйзамсыз кармоого багытталган жайлар аныкталды
Жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө жана жапайы жаныбарларды коргоо максатында Баткен облусунда рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биологиялык ар түрдүүлүк бөлүмүнүн адистери жана егерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда Караңгылык жайлоосунан кекиликтерди мыйзамсыз кармоо максатында браконьерлер тарабынан атайын даярдалган жайлар аныкталды.
Аныкталган мыйзамсыз жайлар егерлер тарабынан толугу менен жок кылынды.
Министрлик жарандарды жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, аңчылык жүргүзүүнүн белгиленген эрежелерин сактоого жана жапайы жаныбарларга аяр мамиле кылууга чакырат.
Белгилей кетсек, мындай рейддик иш-чаралар жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга бөгөт коюу, жапайы жаныбарларды коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатында республика боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.
