Кыргызстан менен Монголия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 2-октябрда Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Министр Кыргызстандын билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берип, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө, мектеп окуучуларына эрте кесиптик багыт берүүгө, кесиптик билим берүүнү өркүндөтүүгө жана педагогдордун квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
Ошондой эле реформалар билим берүү системасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана дүйнөлүк эмгек рыногунун талаптарына ылайык кадрларды даярдоого багытталганын айтты.
Элчи Дэмчиг Тэгшжаргал эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгын тереңдетүүгө жана кызматташуунун жаңы багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.я
