Тилек Текебаев Түркияда Жалал-Абад облусунда лаборатория жана онкология борборун куруу маселелерин талкуулады
3 октябрь

Тилек Текебаев Түркияда Жалал-Абад облусунда лаборатория жана онкология борборун куруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Түркия Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Стамбул шаарындагы медициналык технологиялар жана саламаттык сактоо тармагында иш алып барган бир катар мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө облус башчысын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Өмүрбек Махамаджунус уулу коштоп барды.

Тилек Текебаев “Red Cell” компаниясына барып, кан топторун аныктоо, жугуштуу ооруларды диагностикалоо жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды скринингден өткөрүү боюнча колдонулган заманбап технологиялар менен таанышты.

Жолугушууда Манас шаарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде заманбап лаборатория ачуу, медициналык-диагностикалык жабдууларды орнотуу, адистерди окутуу жана сервистик тейлөөнү уюштуруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле “Sistem Lab” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушууда медициналык жана санариптик чечимдерди саламаттык сактоо тармагына жайылтуу, медициналык кадрларды даярдоо жана Жалал-Абад облусунда лабораториялык кызматтарды өнүктүрүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Мындан тышкары, онкологиялык ооруларды эрте аныктоо, заманбап диагностикалык жабдууларды колдонуу жана дарылоонун алдыңкы ыкмалары боюнча Түркиянын тажрыйбасы менен таанышты.

Тараптар Манас шаарында онкологиялык борбор куруу, анын ишин мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде уюштуруу, дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашууну жолго коюу маселелерин талкуулашты.

Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев Түркиянын медициналык мекемелери жана адистери менен түз байланыштарды өнүктүрүү, алдыңкы тажрыйбаларды Жалал-Абад облусунда колдонуу жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу маанилүү экенин белгиледи.