Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
2 октябрь
Айпери Медет кызы Азия оюндарында коло медаль утту
Бүгүн, 2-октябрда, Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештер уланууда.
Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 76 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, коло медалга ээ болду.
Ал алгачкы беттешинде Индиянын өкүлү Прияны 6:1 эсебинде жеңген.
Кийинки баскычта индонезиялык Варедиса Септи Путри Хидаятты 10:0 эсебинде утуп,жарым финалда япониялык Кагамиге жеңилип калган.
Коло медаль үчүн Өзбекстандын өкүлү Севинчой Полвонова менен күч сынашып, 10:0 эсебинде жеңишке ээ болду.
