Эсептөө палатасы Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын жарыялады
2 октябрь

Эсептөө палатасы Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын жарыялады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинде жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүндө 2025-жылга карата бюджеттин жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына шайкештик аудитин жүргүздү.

Аудит камтыган отчеттук мезгилде мамлекеттик мүлктү башкаруудан түшкөн каражаттар 27 455,3 млн сомду түзгөн. Анын негизги бөлүгүн 26 636,4 млн сом өлчөмүндөгү дивиденддер түзгөн, ал эми мамлекеттик ишканалардын таза пайдасынан түшүүлөр 2,7 млн сомду түзгөн. Жалпысынан 58 мамлекеттик ишкананын 43ү отчеттук жылды пайда менен жыйынтыктаган.

Аудиттин жыйынтыгында 336,7 млн сом жана 3,6 млн АКШ доллары өлчөмүндө финансылык бузуулар аныкталып, анын ичинен аудиттин жүрүшүндө 40,6 млн сом ордуна коюлган.  

Мындан тышкары, «Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри» ведомстволор аралык маалыматтык системасынын маалыматтарын «Борбордук бухгалтердик эсеп» программасынын маалыматтары менен салыштыруунун жыйынтыгында 12 752,9 млн сомго айырмачылык аныкталган. Аталган айырмачылык мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана отчеттуулукту жүргүзүү системасында олуттуу кемчиликтердин жана системалуу көйгөйлөрдүн бар экендигин көрсөтөт.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши аныкталган кемчиликтерди жоюуга, мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана отчеттуулук системасын өркүндөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган тиешелүү жазма буйрук жана сунуштамаларды берди.