Кыргызстан менен Россия ветеринария илими жана билим берүү боюнча өнөктөштүктү күчөтөт
Кыргызстан менен Россиянын ветеринария тармагындагы илимий жана билим берүү кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын, жайыттарды жана тоюттарды өнүктүрүү кызматынын алдындагы А. Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринардык илимий-изилдөө институту менен Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлигине караштуу Башкыр мамлекеттик агрардык университетинин ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Документтин негизги максаты — ветеринария жаатындагы илимий изилдөөлөрдү, заманбап технологияларды жана адистерди даярдоо системасын биргелешип өнүктүрүү.
Меморандумдун алкагында тараптар:
биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт;
илимий-методикалык материалдар жана заманбап технологиялар менен тажрыйба алмашат;
биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырат;
илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды өткөрөт;
адистердин, окумуштуулардын, изилдөөчүлөрдүн жана студенттердин академиялык алмашуусун өнүктүрөт.
Кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири — жаныбарлардын инфекциялык жана башка ооруларын эрте диагностикалоо, алардын алдын алуу жана көзөмөлдөө. Бул багытта илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын ветеринардык кызматтын жана мал чарбачылыгынын күнүмдүк практикасында колдонууга өзгөчө көңүл бурулат.
Мындан тышкары, ветеринардык адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана заманбап билим берүү ыкмаларын киргизүү боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлөт.
Илимден — практикага
Меморандумдун өзгөчөлүгү — кызматташтык илимий иштер менен гана чектелбестен, илимий жетишкендиктерди түздөн-түз мал чарбачылыгына жана ветеринардык практикага киргизүүгө багытталууда.
Бул үчүн эки өлкөнүн окумуштуулары жана адистери тажрыйба бөлүшүп, жаңы диагностикалык ыкмаларды, алдын алуу технологияларын жана заманбап ветеринардык чечимдерди колдонуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзө алышат.
Кыргыз ветеринардык илимий-изилдөө институту менен Башкыр мамлекеттик агрардык университетинин ортосундагы меморандум ветеринария илимин жана билим берүүнү өнүктүрүүгө, адистердин потенциалын күчөтүүгө жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы илимий-билим берүү байланыштарын кеңейтүүгө багытталган узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн негизин түзөт.
