Транспорттук көзөмөл кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча эки кылмыш иши козголду
2 октябрь

Транспорттук көзөмөл кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча эки кылмыш иши козголду

Транспорттук прокуратура тарабынан Жер үстүндөгү жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл жана Нарын аймактык башкармалыктарында жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2025-2026-жылдары юридикалык жактарга таандык чет өлкөлүк жүк ташуучу унаалар тарабынан жол кыймылынын талаптарын бузуу фактылары боюнча айып пулдар мыйзам талаптарын одоно түрдө менен салынгандыгы аныкталган.

Жогоруда белгиленген мекеменин жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке жалпы 16 млн 29 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен эки кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.