Кыргызстандагы ЖОЖдордо жасалма интеллект жана киберкоопсуздук боюнча адистерди даярдоо кеңейтилет
сүрөт: depositphotos.com
2 октябрь

Кыргызстандагы ЖОЖдордо жасалма интеллект жана киберкоопсуздук боюнча адистерди даярдоо кеңейтилет

Кыргызстанда жогорку окуу жайларда адистерди даярдоо системасын жасалма интеллект, санариптештирүү жана жаңы технологиялардын өнүгүшүнө ылайык жаңылоо пландалууда.

Бул Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги иштеп чыккан Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорунда каралган.

Министрликтин маалыматына караганда, жогорку билим берүүнүн адистиктеринин жана багыттарынын азыркы тизмеси 2011-жылы бекитилген. Учурда эмгек рыногунун талаптарына ылайык аны жаңылоо зарыл.

Долбоордо эскирген жана бири-бирин кайталаган багыттарды алып салуу менен катар адистиктерди ирилештирүү сунушталууда. Бул университеттерге эмгек рыногундагы суроо-талапка жараша жаңы адистик профилдерин тезирээк ачууга мүмкүнчүлүк берет.

Жаңы тизмеге санариптик технологиялар, жасалма интеллект, маалыматтык коопсуздук жана башка заманбап тармактар боюнча багыттар киргизилет. Ошондой эле компьютердик илимдер жана технологиялар өзүнчө блок катары каралып, маалыматтык коопсуздук багыты сунушталууда.

Мындан тышкары, адистиктердин коддолушу да өзгөрөт. Учурдагы системанын ордуна эл аралык билим берүү классификациясын, экономикалык ишмердиктин түрүн жана бүтүрүүчүнүн квалификация деңгээлин эске алган сегиз орундуу код киргизүү сунушталууда.