Бишкекте 5-октябрда мектеп, ЖОЖ жана мамлекеттик мекемелер онлайн иштейт. Себеби
Бишкектеги мамлекеттик, муниципалдык жана билим берүү мекемелеринин айрымдарын 5-октябрда онлайн режимге өткөрүү шаардык инфраструктурага түшкөн жүктү азайтуу максатында жасалууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, мындай масштабдагы иш-чараны өткөрүү шаар үчүн жаңы тажрыйба болот. Bishkek Arenaнын ачылышына болжол менен 60 миң адамдын келиши күтүлүүдө.
«Шаар үчүн бул дагы жаңылык. Кандай жагдайлар жана ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн экенин билбейбиз. Ошондуктан биринчи жолу мындай деңгээлдеги иш-чараны өткөрүп, башкаларга ыңгайсыздык жаратпоо үчүн ушундай кадамга бардык», – деди Джунушалиев.
Мэрдин белгилешинче, келечекте мекемелерди онлайн режимге өткөрүүнүн зарылдыгы болбой калышы мүмкүн.
«Убакыт өткөн сайын, ар бир иш-чарада 60 миң адамды бир жерге жеткирүүнүн тартибин жана ыкмаларын иштеп чыккандан кийин, мунун зарылдыгы болбойт деп ойлойм», – деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, 5-октябрда Бишкектеги мамлекеттик, муниципалдык жана билим берүү мекемелери онлайн форматта иштейт. Ал эми бала бакчалар кадимки тартипте ишин улантат.
Бул чара Bishkek Arena`нын ачылышына байланыштуу кабыл алынган. Иш-чарага 65 миңге чейин көрүүчү келери күтүлүүдө.
