Эмгекке жарамдуу 1 миң кыргызстандыкка 765 бала жана улгайган адам туура келет
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
2 октябрь

Эмгекке жарамдуу 1 миң кыргызстандыкка 765 бала жана улгайган адам туура келет

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2030-жылга чейин жакырчылыкты кыскартуу жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү программасынын долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документте Кыргызстанда калктын акырындык менен улгайып баратканынын белгилери байкалганы белгиленет.

Демографиялык жүктөмдүн коэффициенти 2021-жылы эмгекке жарамдуу 1 миң адамга 754 адамды түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 765 адамга жеткен.

2025-жылдын башына карата өлкөдө 65 жаштан жогорку курактагы 440 миңден ашык адам жашаган. Бул жалпы калктын болжол менен 6 пайызын түзөт.

Эмгекке жарамдуу курактан өткөндөрдүн арасында 472,2 миң аял жана 229,6 миң эркек болгон.

Ошол эле учурда өлкөдө 18 жашка чейинки 2 млн 715 миңге жакын бала жашайт. Бул билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык инфраструктурага олуттуу жүктөм жаратууда.