Кыргызстанда сабиздин түшүмдүүлүгү быйыл 300–310 центнер/гектарга жетиши күтүлүүдө
2026-жылы республика боюнча жашылча өсүмдүктөрү 37 771 гектар аянтка айдалды.
Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, анын ичинен сабиздин айдоо аянты болжол менен 7,6 миң гектарды түзөт.
Салыштыруу үчүн, 2025-жылы сабиз 7 332 гектар аянтта өстүрүлүп, орточо түшүмдүүлүгү 259,9 центнер/гектарды түзгөн.
Быйыл аба ырайынын ыңгайлуу шарттары жана агротехникалык иш-чаралардын өз убагында жүргүзүлүшү сабиздин түшүмдүүлүгүнө оң таасирин тийгизүүдө.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2026-жылы сабиздин орточо түшүмдүүлүгү 300–310 центнер/гектарга жетиши мүмкүн. Ошондой эле сабиздин дүң жыйымы 235–245 миң тоннаны түзөрү күтүлүүдө.
Бул көлөм ички рыноктун сабизге болгон керектөөсүн камсыз кылууга жана калктын суроо-талабын негизинен ата мекендик өндүрүштүн эсебинен канааттандырууга шарт түзөт.
Маалымат: 2026-жылы республика боюнча жашылча өсүмдүктөрү жалпысынан 37,8 миң гектар аянтка айдалган.
