Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээлин 4 жылда 20%га чейин төмөндөтүү пландалууда
сүрөт: depositphotos.com
2 октябрь

Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээлин 4 жылда 20%га чейин төмөндөтүү пландалууда

Кыргызстанда 2030-жылга чейин жакырчылыкты кыскартуу жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча программанын долбоору иштелип чыкты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги документти коомдук талкууга чыгарды.

Документтин негизги максаты — жумуш орундарын түзүү, эмгек кирешесин көбөйтүү, ишкерликти өнүктүрүү жана калктын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу жакырчылыктын деңгээлин 20%га чейин төмөндөтүү.

Долбоордо келтирилген маалыматка ылайык, 2025-жылы жакырчылыктын деңгээли 24%ды түзүп, жакырчылыктын чегинде 1 млн 779 миң адам болгон.

Ошондой эле 2030-жылга чейин калктын иш менен камсыз болуу деңгээлин 60%га жеткирүү жана балдар арасындагы жакырчылыкты 25%га чейин кыскартуу пландалууда.

Программа аймактарда өндүрүштөрдү өнүктүрүүнү, «Социалдык контракт» долбоорун кеңейтүүнү, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн жаңы чараларын киргизүүнү, эмгек мамилелерин санариптештирүүнү жана социалдык колдоонун даректүүлүгүн жогорулатууну камтыйт.