Кыргызстанда беш жана андан көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жарымынан көбү жакырчылыкта жашайт
Иллюстрациялык сүрөт
2 октябрь

Кыргызстанда беш жана андан көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жарымынан көбү жакырчылыкта жашайт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2030-жылга чейин жакырчылыкты кыскартуу жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча программанын долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документтеги негизги көрсөткүчтөрдүн бири көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү жакырчылыктын деңгээлине байланыштуу.

2024-жылы бир балалуу үй-бүлөлөрдүн арасында жакырчылыктын деңгээли 11,1%ды түзгөн.

Үч балалуу үй-бүлөлөрдө бул көрсөткүч 37,2%га, төрт балалуу үй-бүлөлөрдө 44,3%га жеткен.

Ал эми беш жана андан көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 52,5%ы жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган.

Документте үй-бүлөнүн өлчөмү жана багуусундагы адамдардын саны жакырчылыкка кабылуу тобокелдигине түздөн-түз таасир этүүчү факторлордун бири экени белгиленет.

2030-жылга чейин мамлекет балдар арасындагы жакырчылыктын жалпы деңгээлин 25%га чейин төмөндөтүүнү пландап жатат.