Башкы прокуратура айлана-чөйрөнү булгаган компаниядан 132 млн сомдон ашык каражат өндүрдү
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөнүүгө тийиш болгон милдеттүү төлөмдөрдүн узак убакыт бою төлөнбөй келгендиги аныкталды.
Тактап айтканда, «А.О.» ЖЧКсы 2021–2023-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдү аныктоо методикасынын талаптарын бузуп, кыймылдуу булактардан атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгаргандыгы үчүн милдеттүү төлөмдөрдү өз убагында төлөбөй келген. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 132 млн сомдон ашык каражат түшпөй калган.
Башкы прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында «А.О.» ЖЧКсынан 132 млн 148 миң 843 сом өлчөмүндөгү төлөм мамлекеттик бюджетке толугу менен өндүрүлдү.
