Сүрөт ачык булактардан алынды
2 октябрь
Кыргызстанда 4-5-октябрда аба ырайы кескин өзгөрөт
Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын 4-октябрында күндүн экинчи жарымында жана 5-октябрында өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
Мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.
5-октябрда күндүз жана 6-октябрда абанын температурасы төмөндөп:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 9…14°,
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14°,
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 16…21°,
- Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5° суукка чейин, күндүз 1…6° жылуулукка чейин,
- бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10° суукка чейин, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
