Улан Маматканов Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын ишмердиги менен таанышты
Министрлер кабинети
2 октябрь

Улан Маматканов Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын ишмердиги менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын облустук бириккен ооруканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. 

Иш сапардын жүрүшүндө ал оорукананын материалдык-техникалык базасы, көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапаты жана бейтаптарды дарылоо үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Мындан тышкары, медициналык мекеменин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлүп, анда дарыгерлердин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар угулуп, көйгөйлүү маселелер жана сунуштар талкууланды.