Мугалимдер үчүн 6 000 «Алтын Казык» ноутбугу даярдалды
2 октябрь

Мугалимдер үчүн 6 000 «Алтын Казык» ноутбугу даярдалды

Бүгүн, 2026-жылдын 2-октябрында, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен мугалимдерге арналган 6000 даана «Алтын Казык» ноутбугун чогултуу иштери аяктап, учурда аларды кабыл алуу алдында техникалык талаптарга шайкештигин текшерүү иштери жүрүүдө.

Ноутбуктар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технопаркында чогултулду. Учурда министрликтин атайын кабыл алуу комиссиясы тарабынан ноутбуктардын техникалык мүнөздөмөлөрү, комплектациясы жана иштөө мүмкүнчүлүктөрү белгиленген талаптарга ылайык текшерилүүдө.

Бул ноутбуктар кыргыз тили жана география предметтеринин мугалимдерине арналган.

6000 даана ноутбукту чогултуу жана даярдоо иштери Smart-Ed долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

«Алтын Казык» ноутбуктары мугалимдерди заманбап техникалык каражаттар менен камсыз кылуу жана билим берүү процессинде санариптик технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында берилүүдө.