Министри Дамир Осмонов ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштады
Түрк мамлекеттер уюмунун Саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын делегация башчылары жана өкүлдөрү, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен эки тараптуу өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саламаттык сактоо тармагында жетишилген макулдашууларды конкреттүү биргелешкен долбоорлорго айландырууга негизги көңүл бурулду.
Негизги багыттардын бири катары кадрдык потенциалды өнүктүрүү маселеси каралды. Анын ичинде адистер менен алмашуу, стажировкаларды уюштуруу, квалификацияны жогорулатуу, академиялык жана илимий кызматташтык, ошондой эле тартыш адистиктер боюнча практикага багытталган окутуу маселелери талкууланды. Тараптар медициналык уюмдардын, жогорку окуу жайлардын жана илимий борборлордун ортосунда түз байланыштарды кеңейтүү маселесине да токтолушту.
Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Дары каражаттарынын сапаты жана коопсуздугу, фармакологиялык көзөмөл, бааларды жөнгө салуу, түз жеткирүүлөрдү жана сатып алууларды уюштуруу, ошондой эле өндүрүштү жергиликтештирүү жана технологияларды өткөрүп берүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Азербайжан тарап менен болгон жолугушууда министр Теймур Мусаев Азербайжандын саламаттык сактоону санариптештирүү, адамдык капиталды өнүктүрүү жана саламаттык сактоо системасын каржылоонун жаңы моделдерин киргизүү жаатындагы тажрыйбасы менен тааныштырды. Кыргызстан тараптын бирдиктүү фармацевтикалык платформаны өнүктүрүү жана ТМУ өлкөлөрүндө дары каражаттарын каттоо жана жүгүртүү боюнча бирдиктүү ыкманы калыптандыруу жөнүндөгү сунуштарына өзгөчө кызыгуу болду. Ошондой эле TURKTRANSPLANT алкагындагы кызматташтыкты, анын ичинде маалымат алмашууну жана донордук программаларды өнүктүрүүнү улантуу маселеси талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдүн маанилүү темаларынын бири саламаттык сактоону санариптештирүү жана жасалма интеллектти колдонуу болду. Тараптар санариптик медициналык системалар, телемедицина, медициналык маалыматтар, маалыматтык коопсуздук жана жасалма интеллектти диагностикада жана клиникалык практикада колдонуу жаатындагы практикалык тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдиришти.
Буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, казакстандык тарап менен Кыргызстанда өткөн Казакстан медицинасынын күндөрүнүн жыйынтыгында кызматташтыкты мындан ары практикалык жактан өнүктүрүү маселеси талкууланды. Анын алкагында Чүй облусунун 1 300дөн ашык тургунуна биргелешкен консультациялар, операциялар, мастер-класстар жана медициналык текшерүүлөр өткөрүлүп, эки өлкөнүн медициналык жана билим берүү уюмдарынын ортосунда жети меморандумга кол коюлган.
Ошондой эле тараптар адистер менен алмашуу, биргелешкен билим берүү иш-чараларын өткөрүү жана медициналык мекемелердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү сыяктуу практикалык форматтагы өз ара аракеттенүүнү улантуу боюнча макулдашышты. Казакстан тарап кызматташуунун мындай форматын системалуу негизде улантууга даяр экенин билдирди.
Түркия тарап менен болгон жолугушуунун алкагында Режеп Тайип Эрдоган атындагы Кыргыз-түрк мамлекеттик достук ооруканасын өнүктүрүү, трансплантология, медициналык кадрларды даярдоо, дары-дармек каражаттарын жөнгө салуу, санариптик саламаттык сактоо жана жасалма интеллект маселелери өзүнчө талкууланды.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар тиешелүү мекемелердин жана адистердин деңгээлинде ишти мындан ары улантуунун, конкреттүү артыкчылыктуу багыттарды, жооптуу тараптарды жана биргелешкен иш-чараларды аныктоонун зарылдыгын белгилешти.
Кыргызстан үчүн саламаттык сактоо тармагындагы эл аралык кызматташтык, биринчи кезекте, дарыгерлер, медициналык уюмдар жана бейтаптар үчүн практикалык натыйжа бериши маанилүү.
