ИИМ: «Бишкек Аренанын» ачылыш күнүндө коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат
4 октябрь

ИИМ: «Бишкек Аренанын» ачылыш күнүндө коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат

2026-жылдын 5-октябрында жаңы «Бишкек Аренанын» расмий ачылыш аземи өтөт. Бишкек шаарынын тургундары жана борбор калаанын коноктору үчүн кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын катышуусунда масштабдуу концерттик программа даярдалды.

Көрүүчүлөрдүн көп келиши жана «Бишкек Аренанын» аймагындагы транспорттук жүктөмдүн жогору болушу күтүлүп жаткандыгына байланыштуу коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Бул максатта 5 миң милиция кызматкери тартылат.

Аренага жакын аймактарда жеке автоунаалардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Концертке келген көрүүчүлөрдү иш-чара өтүүчү жерге жеткирүү үчүн атайын шаттл-автобустардын жүрүүсүнө уруксат берилет.