Кутман Садыбакасов Жамбыл Жамабаевдык 180 жылдыгын арналган эл аралык айтышта биринчи орунду ээледи
Казакстан Республикасынын Алматы облусунда залкар акын Жамбыл Жабаевдын 180 жылдыгына арналган төкмө акындардын эл аралык айтышы болуп өттү.
Аталган айтышка Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны Кутман Садыбакасов катышып, жыйынтыгында биринчи орунду ээледи. Өнөрпозго жеңиш үчүн 1 млн 500 миң теңге өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылды.
Ошондой эле Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Нурбек Талантбеков эл аралык айтышка калыстар тобунун курамында болуп, акындардын өнөрүнө баа берип, казак элинин кадырлуу иш-чарасына катышты.
Эл аралык айтыш кыргыз-казактын төкмөлүк өнөрүн даңазалоого, эки элдин маданий байланышын чыңдоого жана чыгармачылык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталды.
