Азамат Бердияров, тубаса көзү азиз: «Сезим менен көргөн дүйнө мени көп нерсеге үйрөттү»
21 июнь

Азамат Бердияров, тубаса көзү азиз: «Сезим менен көргөн дүйнө мени көп нерсеге үйрөттү»

Көпчүлүк адамдар көздүн көрүүсүн жашоодогу эң чоң мүмкүнчүлүк деп эсептешет. Бирок кээде жашоонун чыныгы өңүн көз эмес, көкүрөк көрөт экен. Тубаса көзү азиз Азамат Бердияров муну өз өмүрү менен далилдеп келет. Ал машина айдап көргөн, тигүүчү машинада кийим тиккен, радио алып баруучу болуп иштеген, бүгүн болсо миңдеген адамдарга дем берген блогер. Азаматтын айтымында, анын күчү көзүндө эмес, сезиминде. «Көзүм көрбөсө да, көкүрөгүм көрөт» деген каарманыбыз менен жашоо, кыял жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу маектештик.

– Азамат, көзүңүз тубаса көрбөйбү же кийин көрүүдөн калгансызбы?

– Мен тубаса көзү азизмин.

– Бирок көп нерсеге жөндөмдүү экенсиз. Машина айдап, тигүүчү машинада иштейсиз. Бул жөндөмдөр кантип пайда болгон?

– Көзүң көрбөсө да, көкүрөгүң көрөт экен. Көзү көргөн адамдар эмне менен алек болот, кандай жашайт деп кызыгасың. Айрым адамдар көзүнүн баркын толук билбей жашап жүрүшөт. Ал эми мен үчүн алардын жасаган ар бир иши кызык болду. Ошентип машина айдоо менин кыялыма айланды. Бир күнү ошол кыялымды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 16 метрлик КамАЗ айдап көрдүм. Алгач айнектерин түшүрдүм. Машинанын жаныма канчалык жакын келгенин, светофорго жеткенибиздин баарын туюп турдум. Жанымдагылар алгач чочулаган. Мен болсо эки терезени түшүрүп алып, үндөрдү угуп, айлана-чөйрөнү сезүү аркылуу айдадым. Ошондо жанымда отурган айдоочу: «Көзү көрбөгөн адамдын машина айдаганын биринчи жолу көрүп жатам», – деп таң калган. Негизи көзү азиз адамдардын сезими күчтүү болот. Биз көрбөсөк да көп нерсени туюп турабыз... Мындай касиет ар бир адамда бар. Болгону көзү көргөндөр аны көп колдоно беришпейт.

– Көпчүлүк адамдар көзү көрүп туруп деле ийне да учукташпайт го... Сиз тигүүчү машинада кийим тиге алат экенсиз...

– Бир жолу жеңем тигип жатканда, мен дагы тигип көрөйүн дедим. Ал «колуңду тигип албайсыңбы» деп чочулаган. Бирок аракет кылып көрөйүн десем, эки кездемени даярдап берди. Биринчи эле жолу кийим тигүүчү машинага отурсам дагы түптүз тиктим. Ошондо жеңем: «Көзү бар адамдардын көбү мынчалык түз тиге албайт», – деп таң калган. Мен жаңы нерселерди сынап көргөндү жакшы көрөм. Адам аракет кылса, мүмкүнчүлүктөрү өзү ойлогондон да кең экенин түшүнөт.

– Блогерлик менен дагы алектенет экенсиз. Видеолорду кантип тартып, монтаждайсыз?

– Башында видеолорду тартууга досторум менен карындашым жардам беришчү. Кийин телефонду жакшы өздөштүрүп алдым. Бирок колдонгон телефонумдагы бардык функциялар үн аркылуу иштегендиктен, кээде анын сүйлөгөн үнү видеого кошулуп кетип, күлкүлүү учурлар жаралат. Ошондуктан видеолорду тартууга көбүнчө досторум же карындашым көмөктөшөт. Ал эми монтаждоо ишин көзү азиз иним аткарат. Ал техниканы мыкты билет. Видеолор даяр болгондон кийин аларды социалдык тармактарга өзүм жүктөйм.

– Канча катталуучуңуз бар?

– Азыр 62 миңден ашык катталуучум бар. Видеолорум аркылуу адамдарды шыктандыргым келет. Ар ким өзүндөгү мүмкүнчүлүктү байкап, жашоого башкача көз караш менен караса дейм.

Катталуучуларымдын арасында 7 жаштагы баладан тартып 90 жаштагы карыяларга чейин бар. Айрымдары келип, телефонумду кармап көрүп, кантип комментарийлерге жооп берип жатканымды сурашат. Ошентип жакшы адамдар менен таанышып калам.

– Сиз менен баарлашкысы келгендер, жакындан таанышкысы келгендер көппү?

– Ооба, көп. Күн сайын бир нече адам телефон чалып же жазып турат. Айрымдары үйүнө чакырышат. Бир жолу авариядан кийин көзү көрбөй калган киши чакырды. Ал жашоодон түңүлүп, үй-бүлөсүнө да оор болуп калыптыр. Мен ага: «Сиз көрүп жүрүп көрбөй калдыңыз. Мен болсо өмүр бою көргөн эмесмин. Бирок жашоого болгон ишенимимди жоготкон жокмун», — дедим. Андан кийин үй-бүлөсүнүн ага жасап жаткан камкордугу үчүн ыраазычылык билдиришиңиз керек. Сизди карылар үйүнө өткөрүп салбай, сизге кам көрүп жатканына ыраазы болуңуз дедим. Ал жубайынан кечирим сурап, балдарын кучактап ыйлады. Кийин жашоосуна шүгүр кылып калганын угуп абдан сүйүндүм. Эгер бир адамдын жашоосуна болсо да жакшы таасир бере алсам, өзүмдү бактылуу сезем.

– Дагы кандай кыялдарыңыз бар?

– Көп адамдарды чакырып, жакшы тамак берип, массаж жасап, көңүлдөрүн көтөрсөм дейм.

Мен медициналык институттун массаж бөлүмүндө үч жыл окугам. Массаж жасаганда акча табууну эмес, адамдын сакайышын ойлойм. Оорусу жеңилдеп, маанайы көтөрүлүп кетсе экен деп аракет кылам. Адамдын жүзүндөгү жылмаюуну туюу мен үчүн чоң бакыт.

– Сөз байлыгыңыз бай экен. Аудио китептерди көп угасызбы?

– Кыргыз радиосун, спектаклдерди көп укчумун. Жаккан сөздөрдү жаттап алып, сүйлөгөндө колдонуп калчумун.

Бир кезде «Миң Кыял FM» радиосунда диджей болуп иштедим. Ал жакка келгениме дагы бир кыялым себеп болгон. Мыктыбек Арстанбек биздин мектепке келип, кыялдарыбызды сураганда мен диджей болгум келерин айткам. Кийин ошол кыялым ишке ашып калды. Андан кийин «Санжыра», «Манас жаңырыгы» сыяктуу радиолордо эмгектендим. «Маданияттын мыкты кызматкери» наамына ээ болдум.

– Маегибиздин соңунда окурмандарга эмне дегиңиз келет?

– Эмгектенген адамдын кыялы сөзсүз орундалат. Ошондуктан кыялдануудан коркпогула. Кыялды жөн гана ойлоп койбостон, аны ишке ашыруу үчүн аракет кылгыла. Анткени адамды алдыга сүрөгөн нерсе көз эмес, ишеним. Менин көзүм көрбөсө да, көкүрөгүм көрөт.