Интернетте порнографиялык материалдарды тараткан тараптар бөгөттөлөт. Кантип?
Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети порнографиялык элементтерди камтыган материалдарды тараткан сайттардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган мыйзам долбоорду карады.
Депутат Исхак Масалиев мыйзам долбоорунун демилгечилерине жана аткаруучуларына суроо узатты. Ал мыйзам кийин кандай иштээрине кызыкты.
«Бул жерде интернет мейкиндигиндеги порнографиялык элементтерди... деп турат. Жөнөкөй суроо: интернет мейкиндигин эптей аласыңарбы? Жабыш үчүн биринчи ошол порнографияны өзүңөр толук көрүп чыгышыңар керекпи?» – деди.
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү билдиришкендей, порнографиялык элементтери бар материал жарыялангандан кийин Маданият министрлиги 2 айга убактылуу жабат, анын негизинде Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан чечим кабыл алынып, ал сайт толугу менен бөгөттөлөт.
Масалиев мындай жоопко канааттанган жок. Ал мыйзам долбоорунда «сайт» эмес, «интернет мейкиндиги» деп жазылып турганын, сайтты жабуу оңой экендигин, бирок адресаты жок, башка жакта отуруп алып туура эмес материалдарды тараткан тараптарга эч кандай чара көрө алышпасын белгиледи. Ошондой эле, бул мыйзам долбоору кагаз жүзүндөгү гана мыйзамдардын катарын толуктап калышы мүмкүндүгүн айтты.
«ВПН деген нерсе бар экен, жабылган сайтка деле ал аркылуу кирүүгө болот. Интернеттин алгоритми ушундай экен: эмнени көрсөң, ошол нерсе чыга берет. Порнография дагы көргөн адамга чыгат, көрбөгөнгө чыкпайт. Бир гаңгирбаш өзүнүн атынан сайт ачып, порноматериалдарды таратса, аны жаба аласыңар, бирок адресаты жок тарап таратса ага эч нерсе кыла албайсыңар, туурабы?» – деди депутат.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлү бул мыйзам долбоору кайсы бир деңгээлде жаш балдардын туура эмес материалдарды көрүүсүнө тоскоолдук жаратарын түшүндүрдү. ВПН менен кирүү мүмкүн болсо да, ал татаалдашат. Жеткиликтүүлүк азаят.
Исхак Масалиев бул нерсе ата-энелерге тийиштүү экенин, баласынын интернеттеги ар бир кыймылын көзөмөлдөгөн жана чектеген атайын программалар бардыгын, ошону орнотуп алышса эле, маселе чечилээрин белгиледи.
